Ссылки доступа

Нарымбаев үч жылга, Коркмазов 1,6 жылга абакка кесилди


Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин карап, өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Нарымбаевдин үй-мүлкү конфискацияланып, үч жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесилди. Ал эми Коркмазов үй-мүлкүн конфискациялоо менен бир жыл алты айга кесилди.

Буга чейин акыркы сөзүндө Нарымбаев, күнөөлүү эмес экенин жана коюлган айып боюнча далилдер табылбаганын айтып, өзүн актоосун соттон суранган болчу. Иште ортомчу катары аралашып калганын айткан Коркмазов да өзүн актоону өтүнгөн.

Айыптоочу тарап Данияр Нарымбаевди 12 жыл 6 айга, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган болчу.

Нарымбаев жана Коркмазов коррупция жана пара алуу боюнча айыпталууда. УКМКнын маалыматына караганда, Коркмазов Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. Нарымбаевдин адвокаты бүгүнкү өкүмгө макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрыла турган болууда.

XS
SM
MD
LG