Ссылки доступа

Түркия Сирияда өз учактарына каршы орусиялык С-400 куралы колдонулушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт


Түрк Президенти Режеп Эрдоган Сириянын аба мейкиндигин бузган маалда, түркиялык согуштук учактарга Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык каражаты пайдаланылса, муну кырдаалды ого бетер күчөтүү аракети катары кабыл аларын жарыялады.

Эрдоган америкалык CNN телеканалына берген маегинде, азыркы пикир келишпестик зениттик курал колдонуу менен коштолушу толук мүмкүн экенин айтып, мындай болгон учурда токтоосуз жооп кайтарыларын кошумчалады. Бирок кандай чара көрүлөрүн тактаган жок.

Түрк президенти аймактагы чыңалууну каалабай турганын, бул үчүн Сирияны жактагандар жооптуу экенин да белгиледи.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу болсо The Times гезитине өз өлкөсү расмий Москва менен алаканы калыбына келтирүүгө умтулуп жатканын, азыр “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы жалпы күрөш маанилүү экенин билдирди.

Шейшембиде Түркия менен Сириянын чектеш аймагында Орусиянын Су-24 аскердик учагын түрк аба күчтөрү атып түшүргөн.

Түркия орус тарап өзүнүн аба мейкиндигин бузду деп эсептейт. Орусия мындай билдирүүлөрдү четке кагып, учак Сириянын аймагында атып түшүрүлгөнүн кайталап жатат.

Эки өлкө ортосундагы чыңалуу жана кайым айтышуулар аскерий кызматташууну токтотуу, экономикалык санкцияларды киргизүү аракеттери менен коштолууда.

XS
SM
MD
LG