Ссылки доступа

Казакстанда диний экстремист деп айыпталгандардын саны көбөйдү


Өлкөдө диний экстремизм боюнча козголгон кылмыш иштери арбыганы, бирок соттордо эксперттер жетишпей жатканы Астанада өткөн экстремизм жана террорчулук боюнча жыйында айтылды.

Казакстандын укук министринин орун басары Бакытжан Абдирайым белгилегендей , өлкөдө бардык конфессиялар боюнча дин таануучулар жетишпейт. Ал эми жогорку билимдүү, кесипкөй адистер саналуу гана.

Аталган мекеменин Соттук экспертиза борборунун директору Исидор Борчашвили соңку үч жылда диний мүнөздөгү эки миңге чукул экспертиза жүргүзүлгөнүн билдирди. Негизинен диний кастыкты козутуу, экстремисттик топторду түзүү жана аларды жетектөө, террорчулукту жайылтуу боюнча козголгон иштердин алкагында материалдар иликтенген.

XS
SM
MD
LG