Ссылки доступа

Сирияда Орусиянын аба соккуларынан кеминде 18 адам мерт кетти


Орусиянын аба күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү Эриха шаарына урган соккуларынан кеминде 18 адам мерт кетти, дагы ондогон адам жаракат алган. Шаардын борборундагы бир канча үй талкаланган.

Бул тууралуу Улуу Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктары боюнча борбор кабарлады. Алардын маалыматы боюнча, аба соккулары жекшемби күнү эртең менен урулган. Жергиликтүү активисттердин айтымында, ракета эл көп топтолгон базардын аймагына келип түшкөн.

Фейсбуктагы Ariha Today тобу шаар орусиялык аскер учактарынын бомбалоосуна кабылганын жазды. Алардын билдиришинче, бомбалоолордон 40 киши өлүп, 70 адам жаракат алган.

Сириялык активисттердин маалыматы боюнча, Москва 30-сентябрда Сирияда аскер-аба операцияларын баштагандан бери көптөгөн адамдар каза тапты.

XS
SM
MD
LG