Жаңы жылдан тарта Орусия Түркия менен болгон визасыз режимин да жоет. Путин өкмөткө Орусия-Түркия ортосундагы чартердик авиакаттамдарга тыюу салуу, авто жана деңиз транспортторуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Түркия Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын өткөн аптада атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремл муну жокко чыгарып келет.