Ссылки доступа

Назарбаев: Казакстанга масштабдуу реформалар керек


Казак өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев элге болгон кайрылуусунда мамлекет “капчыгына карап жашоого өтүшү керек”,- деди.

Президенттин быйылкы кайрылуусу экономикалык каатчылыкты жоюу үчүн көрүлүп жаткан аракеттерге арналды. Назарбаев чыгымдарды оптималдаштыруу саясаты, 20 пайызга азайып кеткен казынаны толтуруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да айтып берди.

Өкмөттүн алдында салык саясатынын ачыктыгын жогорулатуу, менчиктештирүү боюнча жаңы программаны иштеп чыгуутапшырмасы турганын, Улуттук банк теңгеге болгон элдин ишенимин кайра калыбына келтирүүгө тийиш экенин белгиледи.

Ушул тапта өлкөгө өнүгүү, реформа керек деген казак лидери алдыда жүргүзүлө турган реформаларды 1990-жылдагыга салыштырды.

XS
SM
MD
LG