Ссылки доступа

Кадыр Маликовго кол салды деген шектүүлөр Түркияда кармалды


Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салды деген шектүүлөр Түркиянын Газиантеп шаарында кармалганын “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги биргелешип жүргүзгөн иш-чаранын негизинде дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандар эл аралык "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун мүчөлөрү экендиги аныкталган. Шектүү катары Нарын шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Тилек уулу Алибек, 1986-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Ырыскул Бейшеналиев изделип жаткан болчу. УКМК тараткан маалыматта аты аталган жарандар окуя болгон күнү эле Казакстанга, андан кийин Түркияга учуп кетишкени айтылат. Ал эми аларга жардам берген эки шериги Кыргызстанда кармалган.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайылган. Маликов муну радикал топтордун өз өмүрүнө кол салуу аракети деп атаган. Сириядан 40 чакырым алыстыктагы Түркиянын Газиантеп шаарынан колго түшкөн шектүү жарандар жакын арада Кыргызстанга алып келинет. Алардын Бишкек шаарында 19-ноябрда катталган милициянын өлүмүнө да тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG