Ссылки доступа

Назарбаев орус-түрк жаңжалын биргелешип иликтөөгө чакырды


Казак президенти Нурсултан Назарбаев өткөн аптада Сирия чек арасында түрк истребители менен атып түшүрүлгөн орусиялык Су-24 учагына байланышкан жаңжалды иликтөө үчүн эки тараптуу комиссия түзүүнү сунуштады.

Бүгүн Астанада казак элине жылдык кайрылуу жасап жатып, Назарбаев орус-түрк алакасынын кескин солгундашына алып келген окуяга да кайрылды. Ал Орусиянын жок кылынган согуштук учагы Түркияны көздөй багыт албаганын, террорчуларга каршы күрөш боюнча тапшырма аткарып жүргөнүн айтты. Ошондой эле бул көрүнүш Түркия менен Орусиянын алакасын начарлатканына өкүнүч билдирди.

Түркия менен Сириянын чек арасында Су-24 согуштук учагы 24-ноябрда атып түшүрүлгөн. Эки тараптын буга байланышкан пикири кайчылаш болууда. Расмий Анкара өлкө коргонгонун, учак өзүнүн аба мейкиндигине кирип кеткенин белгилесе, Орусия муну четке кагып келет.

Ишембиде орус президенти Владимир Путин Түркияга каршы санкцияларга кол койду. Ага ылайык, 1-январдан тарта Түркиядан ташылган товарлардын айрым түрлөрүнө, түркиялык жумушчу күчтүн өлкөгө киришине жана Орусиядагы түрк уюмдарынын ишмердигине чектөө киргизилмекчи.

XS
SM
MD
LG