Ссылки доступа

Рахмон: Тажикстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепетин өзүнөн сезди


Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон кечээ Парижде белгилегендей, быйыл жайында суу менен байланышкан жаратылыш кырсыктардын айынан жарандарга жана өлкөнүн экономикасына жүз миллион доллардык зыян келтирилип, көптөгөн адам курмандыктары да болду.

Анын айтымында, аба температурасы көтөрүлгөндөн улам мөңгүлөр эрип жаратылыш кырсыктары көбөйүп, суунун башкы булактары азайып жатат. Рахмондун маалыматына ылайык, Тажикстанда 14 миң мөңгү бар. Алар регион үчүн өтө маанилүү. Бирок акыркы 30 жылда эле 1 миңден ашуун мөңгү жок болду.

Тажикстандын башчысы белгилегендей, гидроэнергетикалык объекттерди куруу - суу менен байланышкан жаратылыш кырсыктарын азайтууга жол берет.

Дүйшөмбүдө бир нече жылдан бери Рогун ГЭСи бүтпөй турат. Коңшу Өзбекстан ага каршы чыккан.Ташкен ГЭС курулса, суу башындагы мамлекеттер аны пайдаланып, калгандарына жетпей кала турганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG