Ссылки доступа

Атамбаев гидроэнергетика экологиялык коркунучтарды азайта турганын билдирди


Atambaev
Atambaev

Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн болушунча пайдаланууну көздөйт деп айтты президент Алмазбек Атамбаев Париждеги климат боюнча БУУнун саммитинде.

«Тоолуу мамлекеттерде гидроэнергетиканын өнүгүшү жаратылышка зыян алып келген өнөр жай таштандыларынын кооптуулугун азайтуу, туруктуу өнүгүү үчүн маанилүү. Бүткүл дүйнөгө да оң таасир этет», - деди президент.

Ошондой эле улуттук жана аймактык денгээлде бир катар чараларды ишке ашырууну сунуштады. Бул чаралардын катарында тоолуу экологиялык системаны, токойлорду калыбына келтирүү жана сактап калуу, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, сууну үнөмдөө боюнча технологияларды колдонуу демилгеси бар.

XS
SM
MD
LG