Ссылки доступа

Парижде Путин менен Эрдоган кайым айтышты


Сирия чек арасында Түркия тараптан орусиялык аскердик учак атып түшүрүлгөндөн кийин эки мамлекеттин алакасы кескин начарлап кетти. Президенттер Париждеги саммиттин алкагында жолугушкан жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан мунай сатып албаганын айтып, Орусиянын айыптоолорун четке какты. Мындай билдирүүлөрдү тастыктаган документ талап кылып, Путиндин айткандарын “адамгерчиликке жатпаган, кабыл алынгыс”, деп мүнөздөдү.

Парижде маалымат жыйында сөз сүйлөгөн орус президенти Владимир Путин Су-24 согуштук учагынын жок кылынышын “Ислам мамлекети” тобунун Түркияга мунай ташуусу менен түздөн-түз байланыштырды.

Ал эми ага жооп кайтарган Эрдоган бул айтылгандар ырасталса, отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди.

Путин Туркия менен алаканын солгундап кетишине өкүнүчүн айтып, байланышты толук үзүүнү каалабай турганын белгиледи. Ал эми Эрдоган Түркиянын аба мейкиндигин бузганы үчүн керек болсо Орусия кечирим сурашы керектигин кайталоодо.

Анкара Орусия учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүлөрдү тоготпой койгон соң атууга аргасыз болгонун айтса, Москва учак Сириянын аймагынан чыкпаганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG