Ссылки доступа

Орусия Сирияда экинчи аскер базасын ишке киргизет


Кувейттин Al-Rai гезити маалымдагандай, Орусия Сирияда экинчи аскер базасын ачканы турат.

Орусиянын аскер күчтөрү Хомс аймагынан 35 чакырым алыстыктагы Шайрат аба майданына жайгаштырылат. Андагы согуштук учактардын саны жүзгө чейин жетиши мүмкүндүгү айтылууда.

Аба майдан ар кандай үлгүдөгү учактарды кабылалат. Азыр кошумча учуу тилкеси дагы пайдаланууга даярдалып жатканы, Шайраттагы база Сириянын түштүк жана чыгыш жагындагы операциялар үчүн колдонулары кабарланды.

XS
SM
MD
LG