Ссылки доступа

Азербайжандын Нардаран айылында атайын операция уланууда


Укук коргоо органдары 1-декабрда таңкы саат 8ден тартып Нардаран айылында атайын операция баштады.

Бул тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ жана коопсуздук кызматтын биргелешкен жарыясында айтылат.

Айылга ички аскерлердин атайын техникасы жиберилди. Аны коштоп полиция кызматкерлери дабарган. Кээ бир жерлерде тосмолор коюлган. Азыркы учурда Башкы прокуратура, ИИМ, атайын кызматынын өкүлдөрү чогуу иштеп жатышат.

“Операция учурунда жарандар бийлик өкүлдөрүнө коркунуч туудурган кадамдардан алыс болуп, тартипти сактап, кызматкерлердин талаптарына баш ийиш керек”, - деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Ал эми коомдук тартипти бузгандар, операцияны өткөрүүгө каршы чыккандар мыйзам алдында жооп бере турганы эскертилди. Атайын операция президенттин көзөмөлүндө өтүүдө. Ага саат сайын кабар берилип жатканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG