Ссылки доступа

“Сорос” фонду Орусиянын айыптоолорун четке какты


Кайрымдуулук иштери менен алектенген америкалык миллиардер Жорж Сорос негиздеген “Ачык коом” фонду Орусиянын Башкы прокуратурасы таккан айып менен макул эместигин билдирүүдө.

Өлкөнүн Башкы көзөмөл органы аталган фонддун орус жергесиндеги ишмердүүлүгү коопсуздук менен конституциялык түзүлүшкө коркунуч жаратат деген жүйөнү айтып жатат.

Бирок “Ачык коом” фондунун өкүлдөрү Орусияда иш башталган 20 жыл ичинде мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана жарандардын укуктарын коргоого эбегейсиз салым кошулганын жарыялашты.

30-ноябрда Орусиянын Башкы прокуратурасы Жорж Соростун “Ачык коом” жана “Жардам” фонддорунун ишинин кажети жок деп тапкан.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер орус бийлигинин аракетине өлкөнү дүйнөдөн оолактатуу кадамдарынын бири катары баа берди.

Орусияда “Керексиз уюмдар жөнүндөгү” мыйзам быйыл майда кабыл алынган. Ага ылайык, кайсы гана чет элдик жана эл аралык уюм болбосун, “кооптуулардын”тизмесине илинип калышы ыктымалдыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG