Ссылки доступа

Тажик-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакта алгачкы мектеп курулат


Тажикстандын Спитамен районунун Сарбанд айылындагы мектептин ачылышы кийинки жылы болот. Аталган айыл Өзбекстандын Бекабад облусуна жакын жайгашкан. Азыр ал жерде өзбек тилдүү жалгыз гана мектеп иштейт. Балдар Өзбекстандын окуу программасы боюнча билим алышат.

Тажик бийлиги салып жаткан жаңы орто билим берүү мекемеси 480 окуучуга ылайыкташкан. Окутуу эки кезек менен тажик тилинде жүргүзүлмөкчү.

Сарбанд кыштагын тажик жана өзбек тектүү калк байырлайт. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу аймакка кирет. 1990-жылы, Советтер союзу ыдырагандан кийин Өзбекстан аймактагы Фархат ГЭСи менен анын жака-белиндеги айылдарды өз көзөмөлүнө алып, бажы жана чек ара бекеттерин орноткон. 2002-жылы тажик тарап аталган аймактарды кайра өз карамагына кайтарууга жетишкен. Ошондон бери чөлкөм иш жүзүндө Дүйшөмбүгө баш ийсе да, расмий Ташкен таасирин жоготкусу келбей жатат.

Фархат ГЭСи жана суу сактагычы стратегиялык мааниге ээ. Аны менен Өзбекстанда жүздөгөн гектар айдоо аянты сугарылып, бул республиканын бир топ өнөр жайы электр жарыгы менен камсыздалат.

XS
SM
MD
LG