Ссылки доступа

Кыргызстанда чек арачылардын аскердик ыкчам даярдыгы текшерилет


Бүгүндөн тарта Кыргызстандын Чек ара кызматына караштуу бардык аскер бөлүктөрдө төрт күндүк машыгуу башталды.

Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Чек ара аймактарында кырдаал курчуп кете турган болсо чек арачылардын аскердик ыкчам аракети кандай болушу керек, башкаруу кандайча жүргүзүлөт, деген маселелер талкууланып, машыгуу өтөт.

Кыргызстан 4 мамлекет - Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Түштүк облустарда коңшу мамлекеттер менен чектешкен айылдарда жылына cуу, жер талаштан ондогон чыр-чатактар катталат.

Видео

XS
SM
MD
LG