Ссылки доступа

Түркмөн башчынын ыры Гиннесстин рекорддор китебине кирди


Түркмөнстандын президенти чыгарган ырды аткаргандар көп болуп, 25-ноябрда Гиннесстин рекорддор китебине кошулду.

“Менин сүйүктүү мекеним – Түркмөнстан” деп аталган чыгарманы бир мезгилде 4 миң 166 киши тик туруп алып аткарган.

Мара шаарынын концерттик залында күйөрмандар менен чогу ырды президент өзү дагы ырдады. Түркмөнбашчысы адабий чыгармачылык менен алектенип, ыр жазат, ар кандай музыкалык аспаптарда ойноп, дижейлик пультту дагы башкара алат. Ошону менен биргетүрдүү спорттук таймаштарга катышып, ар дайым биринчи орунга ээ болуп келет.

http://flashvideo.rferl.org/Videoroot/Pangeavideo/2015/11/f/f4/f4f4bf17-11d2-4714-b608-a6576e157604.mp4

XS
SM
MD
LG