Аны “Жаңы Армения” улуттук-боштондук фронту уюштурган. Буга чейин аталган бирикме 1-декабрдан тартып мөөнөтсүз каршылык акцияларын баштай турганын жарыялаган. Алар мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоону өткөзүү талабы аткарылмайынча, акция улана берерин айтып жатышат. Митингке миңдеген адамдар катышууда.
Арменияда 6-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Анда президенттик башкаруудан баш тартып, өкмөт башчынын бийлигин бекемдөө боюнча демилгеге эл өз пикирин билдирет.
Оппозиция өлкө башчы Серж Саргсян реформа аркылуу 2018-жылы мөөнөтү бүткөндөн кийин премьер-министр болуп бийликте калгысы келет, деп нааразы болууда.