Ссылки доступа

Казак коргоо министрлигинин музейи толукталат


Аталган мекеме Астанада кайра ачылган куралдуу күчтөрдүн аскердик-тарыхый музейин толуктоого жарандарды чакырууда.

Элдин колунда тарыхый, маданий жана илимий баалуулукка ээ болгон документтер менен буюмдар бар.

Музей башкалаадагы Улуттук аскердик-тарыхый борборунун имаратында орун алган. Кечээ казак президентинин күнүндө Нурсултан Назарбаев аны кыдырып чыкты.

Бул жерде мамлекеттин жоокердик тарыхын жана маданиятын чагылдырган экспонаттар коюлган.

XS
SM
MD
LG