Быйыл март айында Москвадан кармалган бул жаран тажикстандыктар жана чет элдиктер менен бирге Түркия аркылуу Сирияга жетип, куралдуу топтордун катарына кошулганын тергөө иликтеп чыккан.
Орусияда бир миллиондон ашуун тажик мигранттары бар. Бийликтин маалыматы боюнча, Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун катарында жүргөн 500дөй тажикстандык жарандын көпчүлүгү Орусияда согушка тартылган.