Ссылки доступа

Стамбулдун метросунун жанындагы жарылуудан беш киши жаракат алды


Бул тууралуу шаардын Байрампаша районунун акими Атилла Айдинер билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, жасалма бомба метродогу өткөөл жолдун жанына ташталган. Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат беш жарымдан өткөндө болгон жарылуудан улам Стамбул метросунун иши токтотулган. Шаардын борборуна, жарылуу болгон Байрампаша станциясына тез жардам унаалары келген. Борбор Анкарада быйыл октябрда эки жанкечти жасаган жардыруудан 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылгандан бери Түркияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле. Өлкөнүн эң ири шаары Стамбулда азыр 15 миллиондой киши жашайт.

XS
SM
MD
LG