Ссылки доступа

Казакстанда коммуналдык төлөмдөр жогорулайт


Батыш Казакстан облусунда электр энергия, суу жана жылуулук берген ишканалар өздөрүнүн тейлөө кызматы үчүн акыны көбөйтүүдө.

Бул тууралуу бүгүн Уралда өткөн маалымат жыйында атаандаштыкты коргоо жана монополияны жөнгө салуу комитетинин облустук департаментинин башчысы Валихан Разов кабарлады. Ал бааны көтөрүү боюнча арыз канаттандырылганын кошумчалады. Ошону менен электр энергияга болгон тариф 10,6 пайызга, жылылуулукка – 34 пайызга, суу– 31 пайызга кымбаттады.

Разовдун эсеби боюнча, 2016-жылдан баштап 32 чарчы метрди түзгөн бир бөлмөлүү батирдин коммуналдык төлөмдөрү (муздак, ысык суу, жылытуу, газ, таштанды чыгаруу кызматы) 10 миң тенгеге жетет. Азыр жарандар 8 миң теңге төлөп жатышат.

XS
SM
MD
LG