Ссылки доступа

Тажикстан доллардын наркын бир калыпта кармоо үчүн юань колдонот


Тажик Улуттук банкы валюта базарындагы олку-солкулукту жөнгө салуу максатында 1 миллион юанды жүгүртүүгө чыгарат.

Бул тууралуу бүгүн мажилистин төмөнкү палатасынын жыйынында Улуттук банктын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзода билдирди. Анын айтуусунда, мындай чара Кытайдан жүкташып келген ишкерлерге улуттук валютаны юанга тоскоолдуксуз алмаштырууга шарт түзөт.

Быйыл сентябрда расмий Дүйшөмбү менен Бээжин импорттук жүктөр үчүн сомонини кытай валютасына алмаштыруу боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Кытай бийлиги жакынкы үч жыл аралыгында Тажикстанга 3 миллиард 177 миллион юань (500 миллион доллар) бөлүп берет.

XS
SM
MD
LG