Ссылки доступа

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөргө болгон баа кымбаттады


Соңку айларда өлкөдө кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы көтөрүлгөнү Экономика министрлиги, Стратегиялык иликтөөлөр институту жана БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргелешип даярдаган баяндамада айтылат.

Документте октябрда негизги азыктардын чекене баасы бир калыпта сакталганы, ошол эле маалда сабиз, алма, картөшкө арзандаганы, буга быйыл түшүмдүүлүктүн мол болгону себеп экени белгиленген.

Ал эми кумшекер менен майдын баасынын жогорулашына доллардын курсу, дүйнөлүк базардагы абал таасир эткен.

Аймактардын арасынан октябрда Кара-Балта, Каракол, Жалал-Абад шаарларында сүт, жумуртка, картөшкө жана май кымбаттап, Нарын, Токмок, Ошто эт, жашылча-жемиштер, дизелдик отун төмөн баада сатылган.

XS
SM
MD
LG