Бул тууралуу Ирактын өкмөт башчысы Пентагондун жетекчиси Эштон Картердин террорчуларга каршы атайын багыттагы күчтөр жиберилет деген маалыматынан кийин айтты. Америка тарап мындай аскерлер Ирактагы күрддөрдүн автономиясынын аймагына да жайгаштырылышы ыктымалдыгын билдирген.
Ирак тарап өз аймагында кандай гана операциялар болбосун Багдад менен макулдашуусуз жүргүзүлбөй турганын, өлкөнүн “Ислам мамлекети” уюмун жеңүү үчүн мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп жатат.
Америка коргоо министри Эштон Картер Иракка “ИМ” тобу менен күрөшүү үчүн жибериле турган атайын аскерий топ согушкерлерди жок кылууга, ошондой эле Сириядагы аракеттерди улантууга колдонулушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбады. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы атайын аскер бөлүгү аткара турган иштер Ирактын бийлиги менен өз ара макулдашыларын ачыктады.