Ссылки доступа

Сирияда британ аба күчтөрүнүн "ИМге"каршы соккулары башталды


Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Улуу Британиянын аба күчтөрүнө таандык аскер учактары өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун согушкерлери жайгашкан аймактарга биринчи чабуулун жасады.

Шаршембиде парламентСириядагы экстремисттик топтун турумдарына сокку уруу боюнча чечимдикөпчүлүк добуш менен кабыл алган. Андан кийин Tornado деп аталган төрт аскер учагы Кипрдеги Акротири аба базасынан асманга көтөрүлдү.

Парламентте буга байланышкан жыйын 10 саатка созулган талаш-талкуулар менен коштолду. 223 эл өкүлү бомбалоого каршы добуш берсе, макул дегендер 397 болду.

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топко көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Улуу Британия менен Орусияда тыюу салынган. 2014-жылдын сентябрынан бери расмий Лондон Ирактын аймагында согушкерлерге каршы операция жүргүзүүдө. Премьер-министр Дэвид Кэмерон бул операцияларды кеңейтип, Сирия аймагында да өткөрүүнү сунуштаган эле.

XS
SM
MD
LG