Ссылки доступа

Согушкерлер “орус тыңчысы” деп өлтүргөн чечен Рамзан Кадыровдон жардам болбогонун билдирди


Magomed Hasiev, allegedly russian spy beheaded by ISIS militants in Raqqa
Magomed Hasiev, allegedly russian spy beheaded by ISIS militants in Raqqa

"Ислам мамлекети" террордук тобунун өкүлдөрү 2-декабрда орус тыңчысы делген киши кантип жазаланганын жарыялады.

Интернетке коюлган видеодо Сирияда кармалган орус тыңчысынын башы алынганы көрсөтүлгөн. Бул адамдын Магомед Хасиев экени белгилүү болду. Ал Орусияда туулуп-өскөнү, 9 жашында жетим калып, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдон көмөк сурап, бирок жооп албаганын айтты. Былтыр июл айында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан дары түрүндөгү баңгизатын ташыган деген шек менен кармалып, андан кийин эркиндикке чыгарылып, Сирияга жиберилгенин, ал жакта “Ислам мамлекетинин” катарында жүргөн орусиялыктар тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирилгенин да кошумчалаган.

7,5 мүнөттүк видеодо Хасиев коопсуздук кызматка Сирияга кетүү ниети бар жарандар, Грозный жана Майкоптун согушкерлердин арасында жүргөн тургундары тууралуу кабарлаганын айтып берген. Акыркы жолу медициналык окуу жайдын студенти жөнүндө маалымат жөнөткөн экен. Булар – 2014-жылдын ноябрында кармалып, эки күн мурун соттолгон Ставропол мамлекеттик медициналык университетинин студенттери, Султан Яхев менен Магомед Алиевдин тобу деген каңшаар тарады.

Тасмада Хасиев баарын айтып бүткөн соң бычак кармаган жоочу чыгып, Орусияга чабуул жасаларын эскертип, андан кийин Хасаевдин башын алууга киришкени тартылган.

XS
SM
MD
LG