Ссылки доступа

Түркия менен Азербайжан газ куурун курууну тездетет

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглунун айтымында, Анкара менен Баку Транс-Анадолу деп аталган куурдун курулушун тездетүү тууралуу макулдашты.

Курулушту 2018-жылы бүткөрүү максат кылынган. Транс-Анадолу долбоорун Евробиримдик колдогон. Анын алкагында Европанын Орусиянын көгүлтүр отунан болгон көз карандылыгын азайтуу пландалууда.

Долбоордун баасы 10 миллиард доллар деп эсептелинген. Куур азери газын Түркияга, андан ары Европага өткөрөт.

​
XS
SM
MD
LG