Орусиянын жана Түркиянын башчылары Путин менен Эрдоган бири-бирин кайрадан күнөөлөшүүдө. Эки мамлекеттин ортосунда жаңжал 10 күн мурун башталган. Бирок жыйында эки өлкөнүн араздашуусу тууралуу кеп козголбоду.
Эл аралык түрк академиясынын башчысы Дархан Кыдырали мунун себебин жыйындын илимий мазмуну менен тушүндүрдү.
Түркиянын Улуттук Кеңешинин башчысынын орун басары Айдын Ахмет ассемблеянын бүгүн боло турган отурумдарында да эки өлкөнүн жаңжалы каралбай турганын айтты. Астанада Түрк мамлекеттеринин параламенттик ассамблеясынын 6-пленардык сессиясы кечээ ишин баштады. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түрикянын парламенттик делегациялары Анкара менен Москва ортосундагы тиреш күчөгөн учурда чогулушту.