Ссылки доступа

Кыргызстан ФИФАнын тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчтү багындырды


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде мурдагы жетишкендигин жаңылады.

3-декабрда ФИФАнын сайтында жарыяланган улуттук курама командалардын рейтингинде Кыргызстан 277 упай менен 16 тепкич жогорулап, 108-орунду ээледи. Ноябрь айында да 22 тепкичке жогорулап, 124-катардан орун алган болчу.

Буга чейинки тарыхый мыкты көрсөткүч 2006-жылдын август айында болуп, 119-орунду ээлеген. Кыргыз футбол курамасы Азиядагы 46 мамлекеттин ичинен өткөн айда 16 тепкичке жогорулаган эң мыкты команда деп аталды.

2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында негизги атаандаштар болгон Австралия 57, Иордания 87, Тажикстан 148 жана Бангладеш 182-катардан орун алышты. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 74, Түркмөнстан 119, Казакстан 129-тизмеде.

Айдын мыкты командасы деп, 32 тепкич жогорулоо менен 81-катарга жайгашкан Ливия курамасы аталды. Либерия курамасы эң начар көргөзгүчкө ээ болуп, 21 тепкич төмөндөп тизмеде 107-орунда калды. Рейтингдин көч башында Бельгия курамасы жайгашкан. Экинчи орунду Аргентина, үчүнчү орунду Испания ээлеп турат. ФИФА рейтингинде 209 мамлекеттин улуттук курама командалары бар.

XS
SM
MD
LG