Ссылки доступа

Айтыш ЮНЕСКО тизмесине кирди

Кыргыз менен казактын айтыш өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кошулду.

Бул эл аралык уюмдун маалымат кызматы мындай чечим 2-декабрда Намибиянын Виндхук шаарында өткөн маданий мурастарды коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынганын кабарлады.

Айтыш - кыргыз жана казак элдеринде кеңири тараган төкмө акындардын ыр таймашы. Кыргызстанда айтыш өнөрү соңку жылдары кайра жанданып, "Айтыш" фондунун колдоосу менен төкмө акындардын жаңы мууну өсүп-жетилди, бир канча жаңы ысымдар пайда болду.

ЮНЕСКОнун аталган тизмесине буга чейин Кыргызстандан Оштогу Сулайман тоо, “Манас” үчилтиги, шырдак, ала кийиз жана тарыхый аталыштагы байыркы Суяб, Баласагын шаарлары кирген.

​
XS
SM
MD
LG