Астаналык Блялов Интернетте жайгаштырылып, ар кайсыл социалдык түйүндөрдө тарап кеткен материалдар үчүн улут аралык мамилени козутууга аракеттенген деп айыпталган. Жарандык активист Муханов Урал шаардык жана Батыш Казакстан облустук акимчиликтеринин алдында анын бейкүнөө экенин айтып, бошотууну бийликтен талап кылды. Ал элдин укугун коргоп жүргөн адам азыр өзү жардамга муктаж экенин жар салып, Алматада камакта жаткан активисттер Серикжан Мамбеталин менен Ермек Нарымбаевге да тилектештигин билдирди. Бул эки адам дагы элдин тынчтыгын бузган деген күнөөнүн негизинде кармалышкан.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин Болотбек Блялов, Ермек Нарымбаев жана Серикжан Мамбеталинди азаттыкка чыгарууга чакырып келет.