Ссылки доступа

Мюнхенде Умарали Назаровду колдогон пикет өттү


Мюнхенде жайгашкан Орусиянын консулдугунун жанында 5-декабрда эки жарым ай мурун Санкт-Петербургда чарчап калган тажикстандык наристе Умарали Назаровду колдогон пикет болду.

Аны Германияда жашап жүргөн дагестандык жаран Мадина Мухаммедова уюштурган. Ал жергиликтүү бийликтен акцияга уруксат кагаз алып, Facebook аркылуу досторун жана тааныштарын чакырган. Катышуучулар наристенин өлүмүнө күнөөкөрлөр жазага тартылышы керектигин талап кылышты.

14-октябрга оогон түнү Тажикстандан Орусияга барып иштеп жүргөн Рустам Назаров менен Зарина Юнусованын беш айлык баласы Умарали белгисиз себептерден улам Санкт-Петербургдагы ооруканада чарчап калган. Андан бир нече саат мурда жергиликтүү полиция жубайларды батиринен миграциялык мыйзамды бузду деп кармап, убактылуу камоочу жайга алып барып, баланы алып кетишкен.

Умаралинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык териштирүү жүрүп, капилет өлүмгө өтө тез козголгон дем алуу органдарынын оорусу себеп болгон деген жыйынтык чыккан. Баланын дени сак экенин айткан ата-эне мындай тыянакты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG