Ссылки доступа

Азия өнүгүү банкы Тажикстандын жеке секторун өнүктүрүүгө 60 млн доллар бөлөт


Бул тууралуу Азия өнүгүү банкынын Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүгү билдирди.

60 миллион доллар Тажикстандын жеке секторун жакшыртуу, инвестиция тартуу,экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытындагы программанын биринчи баскычынын алкагында бөлүнүүдө.

Программа ишкердикти колдоого багытталып, үч бөлүктөн турат. Анын алкагында каржылоо 2019-жылы аяктоого тийиш.

Тажикстан Азия өнүгүү банкына 1998-жылдан бери мүчө. Ошондон бери жеңилдетилген насыя, грант, техникалык жардам иретинде көрсөтүлгөн жалпы жардамдын көлөмү 1,4 миллиард долларга жетти.

XS
SM
MD
LG