Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
2015-жылдын октябр айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов шаар бийликтерине Айтматов атындагы гүлбакты ачууну расмий түрдө суранган. Москва шаарынын өкмөтү мекемелер аралык комиссиянын чечимине таянып гүлбакка Айтматовдун ысымын ыйгарганга уруксат берген.