Кармалгандар боюнча документтер террорчулук менен күрөшүү боюнча бөлүмгө тапшырыла турганын Ташкен облусунун Зангыата райондук милиция кызматкерлеринин бири билдирди. Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын тузагына террорчулук жана диний экстремизмге катышы бар деген адамдар илинүүдө. Алардын көбү жума намаз убагында кармалууда.
3-ноябрдан тарта Ташкенде милиция, улуттук коопсуздук кызматы жана башка органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.