Ссылки доступа

Тажикстан катуу жер титирөөдөн келтирилген зыянды эсептөөдө


Тажикстандын тоолуу аймактарында күчү 7,2 баллга жеткен жер силкинүү болду.

Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:50дө катталган зилзаланын очогу Тоолуу Бадахшан облусунда жайгашкан. Табийгат кырсыгынан Ванж – Дүйшөмбү каттамында бараткан автоунаага таш кулап, бир адам каза тапты.

Тоолуу Бадахшан автоном аймагында ондогон турак-жайларга, имараттарга жарака кетти. Азыр келтирилген зыянды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия иликтөөгө киришти.

Соңку бир жарым ай ичинде Тажикстанда ушуну менен үчүнчү жолу катуу жер титирөө катталды. Силкинүү Кыргызстандын бардык аймактарында да 3 баллдан 5 баллга чейин сезилди.

XS
SM
MD
LG