Ссылки доступа

Кыргызстанда балдардын IT-индустрияга кызыгуусун арттыруу аракети көрүлүүдө


Мектептерде 7-декабрда “Код сааты” деп аталган акция башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, 13-декабрга чейин улана турган иш-чара эл аралык информатиканы үйрөнүү жумалыгынын алкагында уюштурулду.

Анда ар бир катышуучу программалоо тармагын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн алып, IT-индустрияга алгачкы кадамын таштай алат.Мындай ыкма менен окуучуларды ишкерликтин келечеги кең бөлүгүнө кызыктыруу максат кылынууда.

Ал эми бүткүл дүйнө боюнча миллиондогон мектеп окуучулары программалоону үйрөнүүгө 1 саат убакыт коротуп, тажрыйбалуу адистерден сабак алышат.

XS
SM
MD
LG