Ссылки доступа

Чек ара кызматы: Баткенде абал туруктуу


Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан жерде азыр абал тынч.

Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. "Абал туруктуу, учурда тараптар маалымат алмашып иштеп жатабыз" деп айтылат мекеме тараткан кабарда.

Расмий маалыматка караганда, кечээ, 7-декабрдын кечинде Баткенде кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Баткен районунун Көк-Таш айылына караштуу Көчө бою участогунда Тажикстан жаранынын унаасына белгисиз бирөөлөр таш ыргытып, жарыгын талкалаган. Көп өтпөй дагы бир тажик жаранынын үйүнө таш ыргытылып, кыргыз тарапка таандык мектептердин биринин терезеси талкаланган жана бир кыргызстандык жарандын үйүнүн чатыры жабыркаган.

Окуя чек ара толук такталып бүтө элек жана эки өлкөнүн жарандарынын үйлөрү шахмат түрүндө чиелешип жайгашкан аймакта болгон.

Буга чейин район акими Кеңеш Салихов жаңжалга эки коңшунун чатагы себеп болгонун, жабыркаган адамдар жоктугун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG