Галимжан Пирматов буга дейре «Камеко Казакстан» компаниясын жетектеп, «Казатомпром» улуттук ишканасынын вице-президенти, БТА банктын башчысынын орун басары, экономика жана бюджет боюнча вице-министр кызматын аркалаган.
Алпысбай Ахметов Улуттук банктын баалуу буюмдарды сактоо жана кассалык операциялар борборунун директору болуп эмгектенген.
Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басарлары Нурлан Кусаинов менен Куат Кожахметов 7-декабрда кызматтан алынган болчу.
Мамлекет башчынын буйругу менен 2-ноябрда башкы банктын жетекчиси алмашып, Данияр Акишев кызматка келген.