Ссылки доступа

АКШ: Трамптын билдирүүсү аны президенттикке талапкерлик укугунан ажыратат


АКШда Республика партиясынан президенттикке талапкерлердин бири Дональд Трамптын “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчиликти алган Калифорниядагы террордук актыга байланыштуу өлкөгө мусулмандардын кирүүсүнө тыйуу салуубоюнча сунушу кескин сынга кабылды.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест мындай демилгеден кийин анын президенттикке ат салышууга акысы жок экенин айтты.

Трамп кечээ бул тыйуу америка бийлиги аталган жагдайды толук иликтеп чыкмайынча алынбоого тийиш деп билдирген.

Ак үйдүн өкүлдөрү Трамптын айтканын АКШнын баалуулуктарына каршы келген билдирүү катары баалап, аны талапкердин шайлоо алдындагы колдоо издөө аракети катары мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG