Ссылки доступа

Казак аткаминери Интернетке тараган видеодон кийин кызматтан кетти


Батыш Казакстан облусунун мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин жетекчисинин орун басары Нурлан Сүйүнбаев Интернеттеги видеодон кийинөз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Бул тууралуу Уралдагы маалымат жыйынында аталган мекеменин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Мирболат Нуртазин билдирди.

7-октябрда Атырау шаарындагы жол полициясынын кызматтык автоунааларды жумуш убактысы бүткөндөн кийин колдонгон аткаминерлерди ашкерелөө боюнча рейди учурунда Нурлан Сүйүнбаев айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүнүн ордуна, кызматтык документин көргөзгөн. Бул учурду журналисттер тартып алып, дүйнолүк желеге тарап кеткен.

Буга чейин Батыш Казакстан облусунун мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин маалымат кызматы Сүйүнбаев өзүнүн менчик автоунаасын айдап баратканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG