Ссылки доступа

Бишкекте ислам дининдеги радикалдашуу көйгөйү талкууланды


Бишкекте шейшембиде жыйынтыкталган Борбор Азия аймактык конференциясы диндин радикалдашуусунан келип чыккан көйгөйлөрдү,ага каршы күрөштөгү айырмачылыктарды талкуулады.

Эксперттер радикализм коркунучун азайтуу жана алдын алуу боюнча сунуштар топтомун иштеп чыгышты. Диний радикализм бүтүндөй Борбор Азиянын айыккыс жарасына айланып баратканын белгилеген талдоочулар ашынган динчилдик менен жалгыздап күрөшкөнгө караганда, чогуу-чаран аракеттенүү алда канча көп жыйынтык берет деп ырасташууда.

Ташкендеги “Билим кербени” өкмөттүк эмес билим берүү борборунун башчысы Фарход Талипов Өзбекстандын Союз тарагандан кийинки исламдашуу тарыхын үч баскычка бөлүп карап, диний радикалдашуунун алдын алуу керектигин билдирди.

Тажикстан менен Өзбекстандан айырмаланып, Кыргызстан менен Казакстанда, маселен, исламдын салафи агымына катуу көзөмөл жүргүзүлбөйт. Айрым эксперттер Кыргызстандын бул саясатын кескин сындап келатышат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев дин саясатында туура исламды элге жеткирүү керектигин айтты.

Британиялык Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту уюштурган эки күндүк жыйынга Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын теолог-эксперттери, мамлекеттик тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG