Ссылки доступа

Тажикстанда зилзаладан кийин Бартанг дарыясы 5 сантиметрге көтөрүлдү (видео)


Тажикстанда 7-декабрда Сарез көлүнүн жанында жер силкингенден кийинки кырдаалды изилдөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.

Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаал боюнча комитетинин өкүлү Ориф Нозимов маалымдады.

Анын айтымында, Бартанг дарыясынын бир нече аймактарына таш түшүп, ошонун айынан дарыянын деңгээли 5 сантиметрге көтөрүлгөн.

7-декабрда Тажикстанда 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган.Андан эки адам мерт кетип, 13ү жарадар болгон, 500дөн ашык үйгө зыян келтирилген.

XS
SM
MD
LG