Ссылки доступа

Орусиялык Су-24 учагынын кара кутусун иликтөөгө эл аралык адистер тартылат


Орус президенти Владимир Путин Сириянын чек арасында түрк истребители менен атып түшүрүлгөн Су-24 согуштук учагынын кара кутусу табылганын маалымдады.

Аны чечмелөөгө эл аралык адистер катыша турганын кошумчалады. Путин коргоо министри Сергей Шойгуга кара кутуну ачпай турууну, эл аралык эксперттер келгенден кийин алар менен бирге иликтөөнү тапшырган.

Орус лидери кара куту учактын кайсы аймакта жок кылынганын аныктаганга жардам берерин айтууда.

Түркия Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын 24-ноябрда атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кетти. Бул маселе азыркыга чейин эки мамлекеттин ортосунда талаш жаратууда. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремл муну жокко чыгарып келет. Окуядан кийин Москва Түркияга карата санкцияларды да киргизди.

XS
SM
MD
LG