Ссылки доступа

Атамбаев Кыргызстанда “кол тийбес” аткаминерлер жок экенин айтты


Кыргызстан жемкорлукка каршы күрөштүн башатында гана турат.

Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата элге жолдогон кайрылуусунда айтты.

Президент өлкө коррупцияны кабылдоо боюнча эл аралык индекстеги өзүнүн позициясын ишенимдүү түрдө жакшыртып жатканын жана жарандар “кол тийгис” чиновниктер жок экенине, мындан ары да ээлеген кызматына, коом алдында мурда сиңирген эмгегине карабастан андайлар болбой турганына улам барган сайын көбүрөөк ынана баштаганын баса белгиледи.

Transparency International уюмунун изилдөөсүнө караганда, былтыр Кыргызстан жемкорлукка каршы күрөш боюнча көрсөткүчтөрүн 3 баллга жакшыртып, 175 өлкөнүн арасынан 136-орунду ээлеген. Өлкө БУУнун коррупцияга каршы конвенциясына 2005-жылы кол койгон.

XS
SM
MD
LG