Ссылки доступа

Кремл мессенжерлерге чектөө киргизүү тууралуу буйрук бербегенин айтууда


Орус бийлиги маалыматты тез жеткирүү системасына (мессенжерлерге) эч кандай чектөөлөр киргизилбей турганын билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселе каралып жатканын, бирок бийлик мессенжерлерди тескөө тууралуу буйрук бербегенин айтты.

Буга чейин орусиялык “Ведомости” гезити билдирүү каттарды алмашуу системасына көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганын жазып чыккан. Документтин авторлору тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, текст жана мультимедиа маалыматтар менен алектенген түйүндөрдүн ишин чектөөнү сунуштап жатканын жарыялаган эле. Демилгечилер мессенжерлерди иштеткен байланыш операторлор “Роскомнадзор” ишканасы менен кызматташып, өз иши тууралуу билдирип турушу керектигин айтышкан.

Мыйзам долбоору “Роскомнадзор” тарабынан Кремлдин буйругу менен иштелип чыкканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG