Ссылки доступа

Орусия Назарбаевди “Жылдын адамы” деп атады


Казак президенти Нурсултан Назарбаев “Эл аралык мамилелер” номинациясы боюнча “Быйылкы жылдын мыкты адамы” деген сыйлык алды.

Бул тууралуу Орусиядагы Казакстандын элчилиги кабарлады.

Аталган сыйлыкты Орус биографиялык жана экономикалык стратегиялар институттары уюштурган. Назарбаев эл аралык саясатта жетишкен ийгиликтери жана Евразия экономикалык биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тандалып алынган.

Жеңүүчүлөрдүн арасында Орусиянын президенти Владимир Путин, Белорус лидери Александр Лукашенко, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Кубанын башчысы Раул Кастро, Москванын жана Бүткүл Рустун патриархы Кирилл, кинорежиссер Никита Михалков бар.

Евразия экономикалык биримдигин түзүү тууралуу макулдашууга Назарбаевдин демилгеси менен 2014-жылдын май айында Астанада кол коюлган. Ага Орусия,Кыргызстан, Казакстан, Белорус, Армения мүчө.

XS
SM
MD
LG