Ал ноябрдын ортосунда Тажикстандан экспертизага жиберилген болчу. Бейтапканага түшкөнгө чейин Щербаков тергөө абагында болгону кабарланды. Эми анын психикалык абалына байкоо салынат.
Орус аскер базасынын улук лейтенанты Иван Щербаков Жабборованы өлтүргөн деген шек менен 9-ноябрда кармалган. Маркумдун туугандары орусиялык офицер кызды кордоп, сөөгүн аскер базасынын жанындагы таштандыга ыргытып жибергенин айтышкан.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги орус аскер базаларына жоокерлер тарабынан мындай окуяларга жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүү талабы менен Орусияга нота жолдогон.