Ссылки доступа

Гуолтни: Кыргызстан аялдар жана балдар укугун коргоодо ийгиликке жетишүүдө


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни Кыргызстанды аялдар жана балдар укугун коргоо жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.

Ал бүгүн,10-декабрь Адам укугун коргоо күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда 1948-жылы БУУда кабыл алынган Адам укугу боюнча жалпы декларациянын негизги принциптеринин бири гендердик теңдик экенин белгилеп, Кыргызстанда укук коргоочулардын, айрыкча "Сезим" кризистик борборунун аракети менен аялдарга карата жасалган зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөргө коомчулуктун көңүлү бурулуп жатканын айтты. Элчи ошондой эле кыз ала качкандардын жазасы катуулаганы мындай көрүнүштөр азая баштаганын белгилеп, бул аялдарды кордоого каршы мыйзамдуу ыкма колдонуунун жакшы мисалы экенин кошумчалады.

Шейла Гуолтни өз кайрылуусунда АКШ президенти Барак Обаманын "Аялдардын тең укуктуу болушу АКШда жана дүйнө жүзүндө жарандык укуктун негизги принциби катары бааланат. Аялдар өлкөнүн саясий, экономикалык турмушуна активдүү катышкан мамлекеттердин гүлдөп-өнүгүү мүмкүнчүлүгү жогору" деген сөзүн мисал келтирди.

Бүгүн 10-декабрда дүйнө жүзү Адам укуктарын коргоокүнүн белгилөөдө. Кыргызстанда да бул күнгө арналган иш-чаралар өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG